Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:10

ИИМ башчысы: Түркия элчилигин өзүм карап чыккам (видео)


Орхан Инандынын тарапташтырынын Бишкектеги акциясы. 2021-жыл, июнь.
Орхан Инандынын тарапташтырынын Бишкектеги акциясы. 2021-жыл, июнь.

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев ички иштер министри Улан Ниязбековго "Инанды жоголгон учурда элчиликтин имаратын текшердиңерби?" деп суроо салды.

“Коопсуздукту караңыздар. Кытай деле учакка салбай, тоо-ташты аралатып сүйрөп кетет экен да. Элчиликтин ичин текшердиңерби?".

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Орхан Инандыга байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен элчиликтин имаратында жолукканын билдирди. Министр элчиликти текшерүүгө милициянын укугу жок экенин белгилеп, бирок ичин карап чыкканын айтты.

“Элчиси менен жолугуп, кеңсесинде бул маселени талкуулаганбыз. Мен ал жерди текшерсем мыйзамсыз иш кылган болмокмун. Бирок өзүм ичин карап чыккам”, - деди министр.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп жатат.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG