Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Тажикстанга кире качкан ооган жоокерлери Куляб аэропортуна жеткирилди


Ооган өкмөтүнүн аскери.
Ооган өкмөтүнүн аскери.

4-июлда талибдер менен салгылаштан кийин Тажикстанга кире качкан 120дан ашык ооган жоокери Куляб шаарындагы аэоропортко жеткирилди. Бул тууралуу Ооганстандын Хохон чек ара отрядынын командири Мухаммад Хусейн "Озоди" радиосуна билдирди.

«Бизди Ооганстанга жөнөтүү боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Кулябда канча күн болорубуз да белгисиз», — деди ал.

Акыркы күндөрү Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен бир нече аймагын талибдер ээлеп, 1500дөн ашык ооган жоокери тажик тарапка качып өтүүгө аргасыз болгон.

5-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандагы курчуп жаткан абалды Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын лидерлери менен талкуулаган. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө тажик-ооган чек арасындагы маселелерди чечүү үчүн жардам берүүгө даяр экенин айткан.

Ал ортодо Эмомали Рахмон 5-июлда Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды. Чек араны бекемдөө зарылчылыгы Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам жаралганы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG