Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Тбилисиде "Азаттыктын" грузин кызматынын журналисттерине кол салуу болду


Торнике Мандария жана Дато Коридзе
Торнике Мандария жана Дато Коридзе

Грузиянын борбору Тбилисиде БУУнун өкүлчүлүгүнүн алдында "Азаттыктын" грузин кызматынын журналисттери Торнике Мандария жана Дато Коридзеге кол салышты. Алар журналисттик милдеттерин аткарып жүргөн. Колдонуп жүргөн техникасы зыянга учурады.

Тбилисиде 5-июлда сексуалдык азчылыктардын жүрүшүнүн алдында башаламандык орун алды. Буга чейин Грузия парламентинде да айрым журналисттер сабалганы кабарланган. Аларга ультраконсервативдүү жана радикалдык кыймылдын мүчөлөру кол салышкан.

Грузиянын Ички иштер министрлиги журналисттерге кол салуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG