Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:36

"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда


Шайлоо учуру. Бишкек ш. 11-апрель, 2021-жыл.
Шайлоо учуру. Бишкек ш. 11-апрель, 2021-жыл.

"Реформа" партиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, "Келечек-Будущее" партиясын көп аял алууга үгүттөгөнү үчүн шайлоо мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова "Азаттыкка" билдиргени боюнча, көп аял алууга үгүттөө менен "Келечек-Будущее" партиясы элди кылмышка үндөп жатат.

"Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш, мыйзам жол бербейт. Бул партиянын талапкери ачыктан ачык элди кылмышка үгүттөп жатат. Көп аял алуу Конституцияга туура келбейт", деди Клара Сооронкулова.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан "Келечек-Будущее" партиясынын талапкери Назира Абдыкаимованын көп аял алууга үгүттөгөн видео чакырыгы 2-июлда соцтармактарда жарыяланган.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо болот. 21-июнда үгүт өнөктүгү башталган.

Башкалаада шаардык кеңешке шайлоого 18 партия ат салышууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG