Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

3-июлга аба ырайы: Күн 39 градуска чейин ысыйт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 3-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облусунун тоолуу райондорунда жамгыр себелейт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Талас аймагында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 34…39;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градус ысык болот.

3-июлда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 21…23°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° ысык болушу күтүлөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG