Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүү кийин уланмай болду


Аббас Аракчи. Вена, 2-июнь 2021-жыл
Аббас Аракчи. Вена, 2-июнь 2021-жыл

Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашууну калыбына келтирүү тууралуу Венадагы сүйлөшүүлөр кийин уланмай болду. Еврошаркеттин өкүлү Энрике Мора алга жылууга жетишилгенин, катышуучулар кеңешүү үчүн өз өлкөлөрүнө жөнөгөнүн билдирди. Бирок талкуу качан уланарын так айткан жок.

Сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалганын Орусиянын өкүлү Михаил Ульянов да "Твиттерге" жазды.

Ага чейин Ирандын өкүлү Аббас Аракчи тараптар 2015-жылкы эл аралык келишимди калыбына келтирүүгө жакындашканын, бирок пикир келишпестиктер дагы кала бергенин билдирди.

20-июнда Австриянын башкалаасында Тегеран менен дүйнөлүк державалар түзгөн документ боюнча жолугушуунун кезектеги айлампасы аяктады.

“Биз келишимге мурда болуп көрбөгөндөй жакындадык. Бирок ортодогу ажырымды жоюу, макулдашууга жетүү оңой эмес, биз муну чечүүгө тийишпиз”, – деди Аракчи Ислам жумуриятынын телеканалына берген маегинде.

Иран өзөктүк программасын чектейт, бул үчүн экономикалык санкциялардын көбү алынат деп макулдашылган документтен Кошмо Штаттар 2018-жылы чыгып кеткен.

Буга чейин да сүйлөшүүлөргө катышкан айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү олуттуу пикир келишпестиктер тууралуу айтышкан.

Келишимдин үстүнөн Иран жана АКШдан тышкары Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия иштеген.

Вашингтон андан чыккандан кийин Тереган уран байытуу жаатында аракеттерин күч алдырган. Батыш ал аракет атомдук курал жасоого алып келишими мүмкүн деп чочулайт. Ислам жумурияты болсо өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн айтып келет.

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо ашынган консерватор Ибрагим Раиси жеңгенден кийин байкоочулар сөз болгон сүйлөшүүлөр кыйынчылыкка учурашы ыктымал деп боолгоп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG