Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

COVID-19: Москвада вакцина албагандар ооруканага жата албайт


Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Бейтапканага жатам дегендер эмдөөдөн өткөн болушу шарт. Оорунун жайылышына каршы ушундай чара кабыл алынганын Орусия баш калаасынын Саламаттык сактоо департаменти кабарлады.

Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү бар кишилер - онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар вакцина албаса болот. Чукул медициналык жардам тегиз көрсөтүлө берет.

Июндун экинчи аптасынан баштап Орусияда коронавирустун жайылышы курчуп кетти. Москванын мэри Сергей Собянин стационарларга оор абалда түшкөндөрдүн саны 70% өскөнүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG