Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Улукбек Марипов: Маселе менде болсо азыр кеткенге даярмын, бирок иштен алуу маселени чечпейт


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов парламентте ага ишеним көрсөтпөө тууралуу демилгеге жооп кайтарып, кызматтан кетүүгө жана айтылып жаткан көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирди. Ал 17-июнда агрардык комитеттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып:

“Эгер маселе менде болсо мен азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргап, ырахат алып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болуп жатат, биз уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат – маселени чечүү. Президентибиз Кумтөрдөн баштап бардык маселени коюп жатат, биз аракет кылып жатабыз”, - деди.

Марипов депутаттардын айтып жаткан сыны үчүн рахматын айтып, ошол эле учурда “Өкмөттү ар алты айда алмаштырса да эч маселе чечилбей” турганын кошумчалады. “Бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан маселе чечилбейт” деп, “Жоопкерчиликтен качпай, канчалык сындасаңар да ого бетер иштеп бергенге даярмын” деп билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары сугат суу маселеси жана антикризистик чаралар боюнча 17-июнда парламентке маалымат берүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзү келбегенине нааразы болушкан. Бир катар депутаттар Кыргызстанда сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго Мариповдун өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG