Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

“Чоң жети” Бээжинди адам укугунун абалынан улам айыптады


"Чоң жетинин" жыйыны. Корнуолле. 13.06.2021.
"Чоң жетинин" жыйыны. Корнуолле. 13.06.2021.

"Чоң жетинин" лидерлери биргелешип кабыл алган коммюникеде Кытайдагы рыноктук эмес экономикалык практикага жана Шинжаң менен Гонконгдогу адам укугун одоно бузган учурларга кылдат көңүл буруу маселеси айтылды.

Кытайдын Лондондогу элчилиги “Чоң жетинин” бул билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине одоно кийлигишүү катары айыптап, аны "саясий бурмалоо" деп атады.

Кытай элчилиги билдирүүсүндө “Чоң жети” жасалма тиреш жаратуунун ордуна эл аралык өз ара аракеттенүүгө көмөктөшсө болмок” деп билдирди.

Бээжиндин соңку жылдардагы Шинжаң менен Гонконгдо жүргүзгөн саясаты эл аралык деңгээлде катуу айыпталып келди. АКШ Кытайдын Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына карата мамилесин айыптап, аны “геноцидге” теңеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG