Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Өспүрүм каза болгон интернаттын директорун иштен алуу талабы коюлууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы эки уюм Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн директорун кызматтан алууну талап кылып жатышат. 13-июнда өлкөнүн акыйкатчысы Токон Мамытов 12 жаштагы баланын өлүмү боюнча иш тергелип бүткөнчө директор кызматынан убактылуу четтетилип, бул окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүшү керек деп эсептерин билдирди.

12-июнда “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин директор жоопко тартылбай жатканын белгилеп, айыптуулардын баарын жазалоого чакырды.

Акыйкатчынын маалыматына караганда, директор өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин окуучуларды суракка алууга кийлигишкен жана өлүм тууралуу фактыны жашырууга аракет кылган болушу ыктымал.

6-класстын окуучусу Игорь Якунин каза болгону Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында быйыл 1-июнда катталган. Баланы Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданды. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

Акыйкатчы тергөөнү Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүү керектигин айтууда.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Мекеменин жетекчилиги укук коргоочулардын талаптары боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG