Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Сузакта экинчи аял алып, той берген кишиге иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта экинчи аял алып, той берген адамга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео июндун башында интернетке тараган.

Милиция фактыны Жазык кодексинин 179-беренеси («Эки жана андан көп аял алуу») менен каттап, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектүү комментарий бере элек.

Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынган. Бирок коомчулукта эки аял менен жашаган эркектер арбын экени талкууланып келет. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG