Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Инандыны издөө: "адам уурдоо” беренеси менен иш козголду


Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. Бишкек, Кыргызстан.
Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. Бишкек, Кыргызстан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, бир аптадан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын ишине байланыштуу Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Башында “дайынсыз жоголуу” фактысы менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганбыз. Кийин материалдар топтоп бул жерде адам уурдоо фактысы бар экенин аныктадык. Азыр иш абдан көп. Тергөө жүрүп жаткандыктан иштин жагдайларын айта албайбыз”, - деди Өмүрзаков.

Милициянын маалыматына ылайык, Орхан Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүүдө. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.

Инандыны табууну талап кылгандардын акциясы буга чейин бир нече жолу өттү.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG