Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:51

Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашты


Камчыбек Ташиев Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат берип жатат. 5-июнь, 2021-жыл.
Камчыбек Ташиев Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге маалымат берип жатат. 5-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 5-июнда кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу аймагында кездешти.

Ташиев сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип, жолугушууда тараптар сегиз келишимге жетишкенин маалымдады. Ал келишимдердин мазмуну расмий түрдө кийинчерээк жарыяланарын тактады.

УКМК төрагасы жетишилген келишимдердин алкагында, Чоң-Алайга тартылган куралдуу күчтөрдүн баары айтка кайтарыларын жана район борборуна көчүрүлгөн тургундар да кайра өздөрү жашаган аймакка жөнөтүлөрүн маалымдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады. Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге эвакуацияланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырды. (ErN\MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG