Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Мэрия: жол кире маселеси сентябрда чечилиши мүмкүн


Коомдук транспорт күткөн эл.
Коомдук транспорт күткөн эл.

Бишкек шаардык мэринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергенов сентябрь айында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси чечилиши мүмкүн экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кудайбергенов маршруттук каттамдарды иштеткен фирмалардын жетекчилери менен бүгүн, 2-июнда жолугуп, тариф маселесин талкуулаган.

“Экономика жана каржы министрлигинин кароосуна берилди, андан соң шаардык кеңештин депутаттары талкуулап, жол кирени көтөрүү боюнча чечим чыгат”, - деди Кудайбергенов.

2-июнда Бишкектеги маршруттук таксилер иш таштап, миңдеген эл көчөдө транспорт күтүүгө аргасыз болду.

Башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган атуулдарды ала кетүүгө үндөп жатат. Шаардагы райондордун акимчиликтери акысыз транспорт уюштуруп, жаңы конуш, микрорайондордун тургундарын ташууда.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG