Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:13

Өзбекстан быйыл өрүк экспортун дээрлик токтотту


Баткендин өрүктөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендин өрүктөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Жашылча-жемиш базарын анализдеп келген EastFruit басылмасы 2021-жылы Өзбекстан өрүк экспортун дээрлик токтотконун жазды.

Буга быйыл жазында өрүктү үшүк алып кеткени себеп болду. Жыйынтыгында Өзбекстандагы өрүк бактарынын 60-65% мөмө байлабай калган. Мындан улам Ташкент өрүктү Тажикстандан арзан баада импорттоп жатат.

Басылманын маалыматына караганда, 2020-жылы Өзбекстанда 74,5 миң тонна абрикос жыйналган. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болгон.

Былтыр Өзбекстан дүйнөдө абрикос экспорту боюнча Испаниядан кийинки эле экинчи орунга чыккан. Испания 2020-жылы 96 миң тонна өрүктү сыртка саткан.

EastFruit басылмасынын эксперттери 2021-жылы өрүк экспорту боюнча Түркия дүйнөлүк лидерге айланарын боолгоп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG