Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Кыргызстандын БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги өкүлү дайындалды


Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бейшеналиев 40 жашта. Ал 2017-2018-жылдары Өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган.

2020-жылы октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2016-жылдан бери Кыргызстандын БУУдагы Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Данияр Мукашев болчу.

Ал ошол эле жылы Кыргызстандын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыгайрым укуктуу элчиси болуп дайындалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG