Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Бишкекте жазык-укук кодекстеринин жаңы долбоору талкууланууда


Кодекстерди талкуулоо жыйыны. 2021-жылдын 2-июну.
Кодекстерди талкуулоо жыйыны. 2021-жылдын 2-июну.

Бишкекте бүгүн 2-июнда Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйын өтүп жатат. "Адилет" укуктук клиникасы, Башкы прокуратура эл аралык уюмдар менен биргелешип уюштурушкан жыйынга парламент депутаттары, Башкы прокурор, президенттик администрациянын өкүлдөрү, укук коргоочулар, юристтер катышууда.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев соттук-укуктук реформанын алкагында жазык-сот системасында олуттуу жетишкендиктер болгонун, бирок кемчиликтер да бар экенин айтты:

“Жаңы кодекстер иштеп баштагандан бери коомчулукта ар түрдүү сын пикирлер айтылып жатканын ачык моюнга алышыбыз керек. Мындай сынды карапайым калк гана эмес, кодекстерди практикада түздөн-түз колдонуп жаткан соттор, юристтер, адвокаттар, прокурорлор, укук тартибин коргоо органдарынын өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер жана ишмердүүлүгү эч себепсиз камакка алынып, токтоп калган бизнес өкүлдөрү, укук коргоочулар айтып келишти”.

Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.

Аларды кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.

Айрым көз каранды эмес эксперттер, юристтер жаңы долбоорлор мурдагы репрессиялык ыкмаларга, адам укугун тебелөөгө жол ачарын айтып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG