Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Кызылча, сабиз бир жылда эки эсе кымбаттады


Бишкектеги "Ош базары".
Бишкектеги "Ош базары".

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кызылча менен сабиз Кыргызстанда 2020-жылдан бери эки эсе кымбаттады.

Аталган мекеме өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча анализ жүргүзүп, 2021-жылдын май айында кызылчанын орточо баасы 60 сомдон ашып, 2020-жылдын май айына салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн аныктады.

Былтыр бир килограмм кызылча 28 сомдон сатылып жаткан.

Сабиздин бир килограммынын орточо баасы 45 сомдон ашык, айрым шаарларда 60 сомго чейин жетти.

Токтогул районунда кызылча 100 сомго чыкты.

2020-жылдан бери азык-түлүк, курулуш материалдары бир нече эсе кымбаттаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG