Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

COVID-19: алты бейтап каза болду, илдет 333 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 30-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көлдө бир адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 803​ кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада дагы 333 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, оору жуктургандардын жалпы саны 104 555 кишиге жетти. Андан 98 300 адам айыкты.

Ушул күндөрү 1 685 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен 90 адамдын абалы өтө оор, 436 кишиники оор деп бааланууда. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG