Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Гонконгдо демократиячыл медиа магнат Жимми Лай кесилди


Жимми Лай. Гонконгдук миллиардер.
Жимми Лай. Гонконгдук миллиардер.

Гонконгдогу демократиячыл медиа магнат Жимми Лай 2019-жылы уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн 14 айга кесилди.

Лай жана башка тогуз демократиячыл активистке соттун өкүмү 28-майда чыкты. Алардын баары 2019-жылдын 1-октябрында Кытайдын улуттук күнү белгиленип жаткан маалда өкмөткө каршы акцияга чыкканы үчүн күнөөлүү деп табылды.

73 жаштагы олигарх буга чейин да ошол жылы өткөрүлгөн митингдерге чыкканы үчүн абакта жазасын өтөп жатат. Миллиардер жалпысынан 20 ай түрмөгө отуруп чыгышы керек.

Ушул ай башында бийлик Лайдын "Next Digital" компаниясындагы активдерин камакка алган. Аталган компания Гонконгдун жана Кытайдын бийлигин сындап келген "Apple Daily" басылмасын чыгарат.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылган. Расмий Бээжинди өзгөчө макамдагы аймакка карата соңку чечимдерин, каршылык акцияларга чыккандардын камалышын Батыш өлкөлөрү сындап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG