Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Лукашенко менен Путин Сочиде жолугат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Александр Лукашенко. 22-апрель, 2021-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Александр Лукашенко. 22-апрель, 2021-жыл. Москва.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 28-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сочи шаарында жолугат. Бул маалда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Минскиге учакты күч менен кондуруп, ичиндеги журналистти камакка алганы үчүн санкция киргизүүнү талкуулап жатат.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков ТАСС агенттигине билдиргендей, Лукашенко Путинге "Ryanair" компаниясынын учагына байланышкан окуя тууралуу айтып берип, кармалган Орусиянын жараны тууралуу сөз козгошу мүмкүн.

Өткөн жекшембиде беларус бийлиги ирландиялык "Ryanair" компаниясына таандык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минскиге күчтөп кондуруп, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичти сүйлөшкөн кызы София Сапега менен бирге камакка алган.

Бийлик "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыкты.

Сапега Орусиянын жараны экени кийин маалым болгон.

Окуяга байланыштуу Евробиримдик беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу, өлкөнүн аба мейкиндигинен учууларды чектөө чечимин кабыл алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG