Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:59

Литва Беларус аркылуу өткөн аба каттамдарына тыюу салды


"Ryanair" компаниясынын учагы Минскиге кондурулган учур, 23-май 2021-жыл.
"Ryanair" компаниясынын учагы Минскиге кондурулган учур, 23-май 2021-жыл.

Литванын бийлиги Беларустун аба мейкиндиги аркылуу өткөн учак каттамдарына тыюу салды. Мындай чечим Беларус бийлиги Грекиядан Литвага бараткан учакты Минскиге мажбурлап кондуруп, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичти кармаган соң кабыл алынды.

"Литванын аэропортторуна бараткан же ал жактан учуп чыккан бардык учактарга Беларустун аба мейкиндиги аркылуу өтүүгө тыюу салынат", - деп билдирди Литванын транспорт министри Мариус Скуодис өкмөттүн 24-майдагы жыйынында.

Анын айтымында, бул чечим 25-майда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:00 күчүнө кирет.

Мындан тышкары Кипрде катталган "Avia Solutions Group" компаниясы да Литвадагы учактары Беларустун аба мейкиндиги аркылуу учпай турганын билдирди.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган.

Литвада баш калкалап жүргөн журналист Беларустагы август айынан берки ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон "Nexta" телеграм-каналын негиздеген. Ал бараткан учакты кондуруу буйругун Александр Лукашенко өзү бергени маалым болду.

Бул окуядан улам Евробиримдик, Бельгия жана Чехия беларус элчилерин чакыртып, Протасевичтин камалганына нааразылыгын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG