Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

Орусиядан Ошко учуп келген тажик жараны аэропортто кармалып турат


“Манас” аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова Орусиянын Сургут шаарынан Ошко учуп келген тажик жараны чек арада кармалып жатканын ырастады. Анын айтымында, алар Орусиядан депортация болушкан.

Тажик жараны Маргарита Расулова алты жаштагы небереси менен 25-майда Орусиядан Ошко учуп келгенин, үч күндөн бери Кыргызстандын аэропортунан чыга албай жатканын айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылган.

“Тажикстан менен чек ара жабык деп жатышат. Бизди кайра Сургутка кетиришет экен. Бирок биздин документтерибиз Тажикстанга барганга гана жол берет. Орусия бизди кайра кабыл албайт. Ал жакка барганга каражатыбыз да жок. Акыркы акчабызды чогултуп, 38 миң рублге билет сатып алып мекенге кайтып келе жатканбыз. Орусиядагы аэропорттон Ошко барып, андан Тажикстанга кетсе болорун айтышкан. Бирок бизди кое бербей жатышат. Суу да беришкен жок. Сырттан нан сатып жейли десек да чыгарбай жатышат”.

Алия Курбанова Расулованын мындай маалыматын четке какты.

“Аэропортто ачка отурушат дегени жалган. Мага жеткен маалымат боюнча аларга “Авиатрафик” компаниясы каралашып жатат”, - деди Курбанова.

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген.

25-майда Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниясы менен Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлгөн.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан.

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

Жеке адамдарга жана транспорттун бардык түрү менен жүргүнчү же жүк ташыган ишкерлерге Кыргызстандын аймагынан эмес, транзит үчүн үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтчү маршруттарды колдонуу кеңеши берилет.

Министрлик ошондой эле Кыргызстандын аймагында укуктары бузулган жарандары үчүн атайын телефондор иштеп жатканын эскертти. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG