Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

УКМК Баткендеги май куюучу бекетке Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирди


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн май куюучу бекеттердин бири.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн май куюучу бекеттердин бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалымат кызматы эркин журналист Али Токтакуновдун Баткендеги май куюучу бекеттер тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Баткендеги май куюучу бекеттердин бири УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт деп айтылат.

“Томас жана Ко” компаниясы Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгон. Чагымчыл адамдар атайын кызматтын жана УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында элге туура эмес маалымат таратып жатат. УКМК билип туруп жалган маалымат таратуу кылмыш жоопкерчилиги мыйзамда каралганын эскертет”, - деп жазылган билдирүүдө.

Эркин журналист Али Токтакунов өткөн аптада “Баткендеги май куюучу жайлар кимдики” аттуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Анда бир чакан айылда эле ондон ашык май куюучу бекет жайгашканы, күйүүчү май тонналап Тажикстанга аткезчилик менен ташылып жатканы тууралуу сөз болот.

Иликтөөдө аталган май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депуттатары ээлик кылары көрсөтүлгөн. Ошондой эле бир май куюучу бекет “Томас жана Ко” аттуу компанияга тийиштүү экени ага Ташиевдин тиешеси бардыгы айтылган.

Ачык маалыматка ылайык, Ташиевдин уулу Тай-Мурас "Томас жана Ко" жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчисинин орун басары. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG