Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Хоккей боюнча Эл аралык федерация Ригада Беларустун желегин алмаштырганды сындады


Дүйнө чемпионатына катышып жаткан өлкөлөрдүн желектери арасында беларус оппозициясы колдонгон желек илинди. Рига, 24-май 2021-жыл
Дүйнө чемпионатына катышып жаткан өлкөлөрдүн желектери арасында беларус оппозициясы колдонгон желек илинди. Рига, 24-май 2021-жыл

Хоккей боюнча Эл аралык федерация Латвия расмий өкүлдөрүнүн Ригада Беларустун желегин алып салып, анын ордуна оппозиция көтөрүп жүргөн тарыхый желекти илгенин сындады. Латвия баш кааласында ушу тапта өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышкан 16 өлкөнүн арасында Беларустун улуттук командасы да бар.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба коюлган” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минскинин аба майданына кондурулган. Беларус бийлиги борттогу оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын камакка алган. Ошондон кийин Лукашенко баш болгон беларус бийлигине эл аралык коомчулуктун нааразылыгы ого бетер күчөдү.

Цюрихте жайгашкан Эл аралык федерация 25-майда жасаган билдирүүсүндө Риганын мэрине кайрылып, “саясий ишаратты” көздөгөн иш чарага нааразылык иретинде федерациянын желектерин дароо алып салууну талап кылды.

Федерация “саясатка тиешеси жок” уюм экенин билдирип, Беларустун хоккей командасынын Лукашенконун бийлигинин аракеттерине “тиешеси жок” деп белгиледи.

“Латвия турнирдин кожоюну катары беларустук хоккеисттерди тосуп алды. Алардын желеги 16 өлкөнүн арасынан макулдугусуз алынбашы керек эле”, - деп айтылат билдирүүдө.

Риганын калаа башчысы Мартинш Стакис федерациянын желектерин алынарын айтып, “ ар бир адам кайсы тарапта болорун өзү тандайт. Эркиндикти эңсеген эл тараптабы же кандуу диктатордун тарабындабы” – деп кошумчалады.

Латвия президенти Эгилс Левитс дүйшөмбүдө анын өлкөсү Беларустун башкаруудагы бийлигин тааныбайт деп, Ригадагы беларус желектерин алмаштырууга үндөгөн.

Ошондон кийин Минск Латвиянын элчисин өлкөдөн чыгарып салган. Анын артынан Рига да ушундай эле кадамга барды.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты адегенде Рига жана Минскиде өтмөк. Бирок Беларустагы соңку саясий окуялардан, оппозицияга каршы респрессиялардан улам спонсорлор чегинишерин эскерткенден кийин Эл аралык федерация Минскини турнирди өткөрүү укугунан ажыраткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG