Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Эдуард Кубатов: Эвересттеги жеңишимди кыргыз элиме арнайм


Эдуард Кубатовдун Эверест чокусунда жасаган видеокайрылуусу. 23-май, 2021-жыл.
Эдуард Кубатовдун Эверест чокусунда жасаган видеокайрылуусу. 23-май, 2021-жыл.

Эверест чокусун багындырган кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов жеңишин кыргыз элине арнады. Ал 23-майда чокудан туруп жасаган видео кайрылуусун 25-майда "Фейсбукка" жарыялап, өлкө эгемендигин сактоого чакырды.

Кубатов аталган чокуга “Эверест 1” экспедициясынын курамында чыкты.

Кубатов "Жети чоку" экспедициясынын курамында Эвересттин 6550 метрлик чекитин багындырганын 4-майда “Азаттыкка” кабарлаган.

Непал менен Кытайдын чектеш аймагындагы Эверест чокусунун эң бийик жери - деңиз деңгээлинен 8 848 метр. Чокуга 10 миңге жакын киши чыгып, дагы 300дөй адам ага жетпей, орто жолдон каза тапкан.

Эверестти биринчи жолу багындырган Эдмунд Хиллари 2008-жылы 88 жаш курагында, Тенцинг Норгей 1986-жылы 71 жаш курагында каза тапкан. Ал эми чокуга эң биринчи жолу кычкылтек баллонун колдонбой италиялык альпинист Райнхольд Месснер жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG