Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Иран менен МАГАТЭ мониторингге байланыштуу келишимди узартты


МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси, Вена, 4-март 2021-жыл.
МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси, Вена, 4-март 2021-жыл.

Иран менен Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Тегерандын өзөктүк ишмердигине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген келишимди бир айга узартууну макулдашты. Бул тууралуу агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси 24-майда Венадагы маалымат жыйынында айтты. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү да бул маалыматты "Твиттер" аркылуу ырастады.

Бул чечим Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасынын ортосунда 2015-жылы кол коюлган келишимди сактап калуу аракети катары мүнөздөлүүдө.

Быйыл 21-февралда МАГАТЭ менен Ирандын бийлиги мониторинг жүргүзүүгө байланыштуу үч айлык келишимге кол койгон. Ага ылайык, МАГАТЭге Ирандагы өзөктүк жайларга орнотулган көзөмөл камераларынан сүрөт-видеолорду алып, анализдөөгө мүмкүнчүлүк берилген. Бул сүрөттөр Иран алты жыл мурунку өзөктүк келишимдин шарттарын канчалык аткарып жатканын аныктоого жардам бермекчи.

23-майда Иран мониторингге байланыштуу үч айлык келишим соңуна чыкканын, мындан ары МАГАТЭге өзөктүк жайлардан алынган сүрөттөргө уруксат берилбей турганын эскерткен.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган. Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG