Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:12

"Eurovision-2021" ыр таймашында Италия жеңди


"Måneskin" тобу.
"Måneskin" тобу.

"Eurovision-2021" (Еврокароо) обондуу ырлар сынагында Италиянын намысын коргогон "Måneskin" тобу "Zitti e buoni" деген ыры менен биринчи орунду алды. Эл аралык популярдуу ыр таймашынын финалы 22-майда Нидерланддардын Роттердам шаарында болду.

Италиялык музыканттар а дегенде калыстардын тандоосунда төртүнчү орунду ээлеген. Элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи тепкичке чыкты.

Ал эми калыстардын тандоосунда биринчиликти алган швейцариялык ырчы Gjon’s Tears элдик добуш берүүдө үчүнчү орунга түшүп калды.

Экинчи орунду Франциядан Барбара Прави алды.

Биринчи орунга татыктуу деп табылган италиялык "Måneskin" тобу аткарган "Zitti e buoni" 2016-жылы жазылган. Алгач баллада катары даярдалган чыгарма кийин рок жанрына ылайыкташтырылган.

Ырдын маңызы - мүнөзү көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турган кишилер тууралуу. Ага тартылган клип 2021-жылдын 3-мартында көрөрмандарга сунушталган.

"Eurovision-2021" сынагынын финалы

"Eurovision" сынагы - 1956-жылдан бери уюштурулуп келаткан шоу. Быйыл юбилейлик - 65-айлампасы өттү. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Италия бул сынакта 1965 жана 1991-жылдары уткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG