Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Таласта бычак менен кол салууга шектүүлөр кармалды


Талас шаардык милициясы унаа оңдоочу жайдын кызматкерине бычак менен кол салган деген шек менен эки киши кармалганын "Азаттыкка" кабарлады. Шектүүлөр облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалгандардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган.

17-майда шаардык ички иштер бөлүмүнө, Талас шаарынын 33 жаштагы тургунунан "Унаа оңдоочу жайда иштеп жаткан жеринде бейтаныш эки киши келип, себепсиз сабап жана бычак менен кол салды деп",-деп арыз менен кайрылган.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен катталып, тергөө башталган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү деп Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну жана Баткен облусунун 35 жаштагы тургуну экени такталган.

Шектүүлөр Талас шаардык милициясы жана Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүрүүдө. (MKt)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG