Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:50

Вашингтон Арктиканын милитаризациясына тынчсызданат


Энтони Блинкен. Рейкьявик, 18-май, 2021-жыл
Энтони Блинкен. Рейкьявик, 18-май, 2021-жыл

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Арктиканын милитаризациясына тынчсызданганын билдирди. Аймактын стратегиялык мааниси супер державалар арасында барган сайын артууда.

Блинкен Түндүк Европаны кыдырып жүрөт. 19-майда Рейкьявикте ал Арктика кеңешинин жыйынына катышмакчы. Анын жүрүшүндө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен алгачкы жолу бетме-бет жолугушат.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайстын айтымында, Блинкен Арктиканы жаңжалдардан эркин аймак катары сактап, кеңештин мүчөлөрү орток баалуулуктардын, климаттагы өзгөрүүлөрдүн терс таасирин алдын алуунун үстүнөн иштегидей шарт түзүүнү сунуш кылганы жатат.

Лавров менен кездешүү 20-майга пландалган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги башкы дипломаттар “ортодогу мамилелерди жана эл аралык маселелерди талкуулашарын” билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG