Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Бишкекте Ирак менен Сириядан кайтарылган балдар маселеси талкууланды


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Бүгүн 18-майда Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын адистери Ирак менен Сириядан кайтарылган балдар жана аялдар маселесин талкуулашты.

Кыргызстандан бул жыйынга саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова катышканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Үч өлкөнүн өкүлдөрү жана эксперттери согуш аймагынан мекенине алынып келген балдарды реабилитациялоо боюнча пикири жана тажрыйбасы менен алмашышты.

Солтонбекованын айтымында, «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кайтарылган 79 кыргызстандык баланын абалы жакшы, алар менен дарыгерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер иштеп жатышат. Документтери бүткөндө алар туугандарына өткөрүлүп берилет.

Казакстан 2019-жылы Сириядагы жарандарын кайтаруу боюнча “Жусан” операциясынан бешти, Ирактан “Русафа” деген бир операция жүргүзүп, жалпысынан 600дөн ашуун жаранын кайтарды, алардын көбү балдар, калганы аялдар.

Өзбекстан 2019-жылы “Мехр” деген атайын операциясынан экини ишке ашырып, Сириядагы жана Ирактагы 200дөн ашуун жаранын кайтарып алды.

Тажикстан бийлиги Ирактан 84 баласын алып келген.

2021-жылдын 1-февралындагы маалыматка караганда, Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде репатриация күтүп жаткан балдардын саны 27,5 миңдин тегерегинде болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG