Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Депутаттын жол кырсыгына шектүү уулу кызуу болгону кабарланды


Бишкектеги жолдордун бири.
Бишкектеги жолдордун бири.

15-майда кечки саат 22:30 чамасында Бишкектеги Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган.

Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, "Порше Пономера" унаасын айдап бара жаткан 39 жаштагы жаран жөө адамдар өтчү өтмөктөн өтүп бара жаткан 28 жаштагы кызды уруп кеткен.

Натыйжада кызды "тез жардам" Бишкектеги травматология жана илим изилдөө институтуна ар түрдүү жарааттары менен алып барган. Окуя болгон жерде ыкчам тергөө аракеттеринен кийин жол кырсыгына күнөөкөр адамдын мас абалында болгону аныкталды.

Аталган иш Жоруктар кодексине ылайык каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Автоунаа айып короого токтотулган.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары бул жол кырсыгына себепкер болгон адам Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов экенин жазышты.

Депутаттын уулу буга чейин да жол кырсыгына кабылып, 2011-жылдын август айында Бишкектин чыга беришиндеги айланма жолдо (Дунларов көпүрөсү) кырсыктан үч киши көз жумган.

Бул окуяга ошол учурда шаар мэри болуп турган Иса Өмүркуловдун баласы Азамат Өмүркулов күнөөлүү деп табылган.

Ошол эле жылы ноябрь айында жабырлануучу тарап арызынан баш тартканы үчүн иш токтогон. Бирок Азамат Өмүркулов жазасын алышы керектигин айтып, өзү арыз жазган жана сот аны жети жылга эркинен шарттуу ажыраткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG