Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:07

Армения чек арадагы кырдаалга байланыштуу ЖККУга кайрылды


Никол Пашинян
Никол Пашинян

Армениянын өкмөтү 14-майда Азербайжан менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) расмий түрдө кайрылды. Өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян ЖККУнун келишиминин 2-беренесине таянып, уюмга мүчө өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келген учурда тезинен консультацияларды башташы керек экенин билдирди. Аталган аскердик уюмга Армениядан сырткары Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Беларус мүчө. Ал эми Азербайжан ЖККУга кирбейт.

Пашинян Армениянын түштүгүндө Сюник облусуна 12-майда эртең менен азери аскерлери кирип келип, өз өлкөсүнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин билдирген. 13-майда азери аскерлери дагы эки жерден чек араны бузуп киргенин маалымдаган. Расмий Баку болсо Еревандын дооматтарын четке кагууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык келишими кынтыксыз аткарылышы керектигин билдирген. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Азербайжан бийлигин Армения менен чектешкен аймактардан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылган.

Былтыр күзүндө эки өлкөнүн ортосунда Тоолуу Карабак үчүн алты апталык согуш жүргөн. Куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район кайра Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын эки миңдей жоокери киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG