Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяны милиция териштире баштады


Кыргыз-өзбек чек арасында 13-майда болгон окуя.
Кыргыз-өзбек чек арасында 13-майда болгон окуя.

13-майда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында болгон окуяны Баткен райондук ички иштер бөлүмү Жоруктар кодексинин «Ден соолукка зыян келтирүү» беренеси менен тергей баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин мааламатына ылайык, 13-майда түшкө жакын Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох анклавынын тургундарынын малы эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткен.

Сай айылынын тургуну малдын ээлерине жандыктарын алып кетишин айткан. Кийин Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, беш кыргыз жаранын сабаган. Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60 адам чогулган. Ал эми денесинен жаракат алган кыргызстандыктарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери жолугушуп сүйлөштү. Жыйынтыгында өзбек тараптын жетекчилери кечирим сурады.

Ушул тапта Баткен облусунун чек арага чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 пайызы), андан кийин дагы 10 пайызга жакыны такталганын кыргыз өкмөтү быйыл 17-февралда билдирген.

24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, калган тилкелер боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканы маалым болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG