Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим аймактык шайлоо комиссиясынын 12-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Буга шайлоого катышкан Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар жараксыз деп табылганы негиз болду.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы баш-аягы 30 шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Жокко чыгарылган добуштардын саны 60 миңден ашып, шайлоого катышкандардын жалпы санынын 45,02% түздү.

Мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин шайлоосунда жарандардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса, кайра шайлоо өтүшү керек. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов эми маселени Борбордук шайлоо комиссиясы карай турганын билдирди.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде болгон. Жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. 12-майда аймактык шайлоо комиссиясы “Эмгек”, “Ак-Бата” партияларын шайлоодон четтетти.

Добуш сатып алуу фактысы боюнча КЭДП партиясы шайлоодон буга чейин эле четтеттилип, ал чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот колдогон.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн 3-майда Токмок шаардык кеңешине, 11-майда Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG