Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Ооганстанда талибдер Нарх районун басып алышты


Ооганстанда талибдер Кабулга жакын жайгашкан стратегиялык Нарх районун басып алышты. Бул Орозо айтка байланыштуу ооган өкмөтү менен "Талибан" ок атууну токтотуу боюнча макулдашуу күчүнө кирер алдында болду.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги “Коопсуздук күчтөрү Нарх районунан тактикалык чегинүү жасады”,-деп кабарлады. Расмий бийлик аймакты талибдерден бошотуу үчүн контрчабуул жасаларын билдирүүдө.

“Талибандын” расмий өкүлү Забихулла Муджахид талибдер бул районду шейшембиде ээлегенин билдирди.

Нарх - өлкө борбору Кабулдан 40 чакырым алыстыктагы Вардак аймагында жайгашкан. Вардактын бир топ бөлүгү жана кошуна Логар провинциясын көптөгөн жылдар боюнча талибдер көзөмөлдөп, Кабулга чабуул койчу аянтча катары колдонушат.

Ооганстанда “Талибан” кыймылы жана өкмөттүк күчтөр 13-майдагы Орозо айттын урматына ок атууну үч күнгө токтоторун жарыялашкан. Соңку учурда бул өлкөдө кол салуу күчөп, акыркы бир нече күндө эле ондогон адамдар көз жумду.

Ооганстандагы мындай кырдаал туура 20 жылдан бери коопсуздукка көз калган АКШ баш болгон эл аралык коалициянын аскерлери чыгарылып жаткан учурга туш келди. Кошмо Штаттардын бийлиги аскерлерди Ооганстандан расмий түрдө 1-майдан тартып чыгара баштаган. План боюнча АКШ менен НАТО аскер күчтөрүн быйыл 11-сентябрга чейин чыгарып бүтүшү керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG