Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

"Фейсбуктун" көзөмөл кеңеши Трамптын баракчасын жабуу чечимин колдоду


АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп.
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп.

"Фейсбук" компаниясынын көз карандысыз көзөмөл кеңеши АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын баракчаларын убактылуу жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Бирок кеңеш Трамптын "Фейсбуктагы" жана "Инстаграмдагы" баракчаларын биротоло жабуу туура эмес болорун эскертти.

Ал чечимди алты айдан кийин кайра кароого чакырды.

"Фейсбук" бул баракчаларды быйыл 6-январда Капитолийдеги чабуулдан кийин убактылуу жаап салган. Ага тушташ "Твиттер" социалдык түйүнү Трамптын баракчасын толук жапкан.

"Трамп мырзанын постторун жарыялап жаткан кезде бирөөгө зыян келет деген анык жана чукул тобокелчилик бар болчу жана анын баш-аламандыкка аралашкандарды колдогон сөзү алардын зомбулук менен коштолгон аракеттерин мыйзамдаштырган", - деп айтылат "Фейсбук" компаниясынын көз карандысыз көзөмөл кеңешинин 5-майдагы чечиминде.

Шейшемби күнү Трамп расмий сайтын ачканын жарыялаган. Сайтка өзүнүн билдирүүлөрүн жарыялап турмакчы. АКШнын экс-президенти "Фейсбуктун" чечимин Америка үчүн "уят иш" деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG