Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Баткен коогасында жараат алган дагы бир жаран каза болду


Маркум 1967-жылкы Максат айылынын тургуну болчу.
Маркум 1967-жылкы Максат айылынын тургуну болчу.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова 3-майдагы брифингде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алган дагы бир жаран каза болгонун билдирди. Анын айтымында, маркум Максат айылынын 1967-жылкы тургуну болчу.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180дей киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

Тажик бийлиги соңку жаңжалда канча адам жабыр тартканын расмий кабарлай элек. “Азаттыктын” тажик кызматы өз булактарына таянып, 16 адам каза тапканын, 90 жараны жараат алганын жазды. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.(EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG