Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:58

БУУда элчи Молдоисаева баш катчынын жардамчысы менен жолукту


Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча. 30-апрель, 2021-жыл.
Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева жана БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча. 30-апрель, 2021-жыл.

30-апрелде Нью-Йоркто Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева дүйнөлүк уюмдун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушту.

Молдоисаева кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле уюмдан жаңжалда качып чыккан тургундардын үй-жайына кайтып келүүсүнө, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Йенча эл аралык уюм кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын билдирип, эки тараптын ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишкендигин кубаттады. Ошондой эле БУУ Тынчтык орнотуу фондунун алкагында жаңжалдан жапа чеккендерге жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта каза болгондордун жалпы саны 34кө жетти, жараат алгандар 163 болду.

Жалпы жонунан 20 миңден ашуун киши үй-жайын таштап качып чыкты.

Баткен облусунун Баткен районунун жана Лейлек районунун ондогон айылы жабыр тартты, үйлөр жана башка объектилер өрттөндү.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 15 жаран каза болгонун жазып, алардын аты-жөнүн жарыялады. ​Маалыматка караганда 90 адам жараат алды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG