Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:47

Чек арадагы кагылышта жараат алган дагы бир адам көз жумду


Баткен облусунун Миң-Булак айылы.
Баткен облусунун Миң-Булак айылы.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда жараат алгандардын саны 173 кишиге жетти. 34 киши каза тапты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы акыркы каза болгон адам Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 24 жаштагы Азазбек Бактияров экенин билдирди.

1-майда саат 18:30га карата маалыматта айтылгандай, жаракат алган 173 адамдын 31и аскерлер, бирөө медициналык кызматкер жана 131и жөнөкөй тургундар. Калган 10 киши тууралуу маалымат такталып жатат.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттер 90 адам жараат алганын, 15 киши каза болгонун маалымдашты.

1-майда Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсү өттү.

Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, тажик делегациясын коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди. Эки тарап ок атышууну токтотуп, чек арага жакын келген аскердик күчтөрдүн баарын мурдагы ордуна алып кетүү макулдашылды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG