Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:01

Суваналиев кыргыз-тажик комиссиясынын макулдашуулары жөнүндө айтып берди


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу комиссия түзүп, абалды жөнгөрүү аракетин көрүп жатышат. Бул тууралуу 30-апрелде “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын курамына ар бир тараптан төрттөн адам кирди, алар күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү.

Суваналиев билдиргендей, комиссия барымтага алынган адам тууралуу маалыматты тактоо, соңку окуяларга байланыштуу буулган жолдорду ачуу боюнча иш жүргүзүүдө:

“Төрт-Көчөдөгү жолго шагыл төгүлүп, Лейлек жакка кетчү жол жабылып калбады беле. Биз комиссия түзүп жолукканда ошол маселе көтөрүлүп, комиссия барып келди. Ачылат. Ошондой эле Ворухка кетчү электр зымдарынын баары өчүрүлүп калган, ошону коюп бергиле деп суранышты. Биз макул болуп, коюп беребиз дедик".

Суваналиев аймактагы абалды азыр туруктуу деп атоо мүмкүн эмес экенин билдирип, материалдык чыгым тактала баштаганын кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан Төрт-Көчө участогунан Баткен-Исфана автожолу өтөт. Ворух – Тажикстандын Кыргызстандагы анклавы.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

Тажик бийлиги жабыр тарткандар тууралуу расмий маалымат бере элек. Маалымат каражаттары ишенимдүү булактарына таянып, жаңжалда 12 жаран мерт болушу мүмкүн экенин жазды. Маалыматка караганда 90 адам жараат алды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG