Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:44

Садыр Жапаров чек ара боюнча кайрылуу жасады


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кечки саат 18:00дө “Фейсбуктагы” расмий баракчасына кайрылуу жазды.

“Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам. Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз. Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам”, - деп жазды Жапаров.

Ал арада Баткенде чек ара жаңжалында жараат алган бир адам каза болду. Бул тууралуу 29-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Жалпысынан жараат алган кыргызстандыктардын саны 17ге жетти, бирөө үйдөн дарыланууда.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG