Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Бишкекте чек ара маселесине байланыштуу митинг өтүп жатат


Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг. 29.04.2021
Өкмөт үйүнүн алдындагы митинг. 29.04.2021

Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында ушул тапта ондогон активисттер Баткендеги чек ара маселесине байланыштуу митинг өткөрүп жатат. Алар кыргыз өкмөтүн жаңжал чыккан жерге барып, кырдаалды жөнгө салышын талап кылышууда.

"Азаттыктын" Баткендеги кабарчысынын айтымында, учурда кыргыз-тажик чек арасында тынымсыз ок атылып жатат.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам жараат алган төрт адамдын үчөө ооруканада жатат. Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптардын абалы орточо, туруктуу.

Жараат алгандардын үчөөнө таш, бирөөнө ок тийген. Таш тийген эки адам Самаркандек аймактык ооруканасына жаткырылган, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ок тийген адам Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген.

Тажикстандын чек ара мекемеси жети жаранына таш тийгенин, "Головной" толугу бойдон Тажикстанга таандык экенин, чырды кыргыз тарап баштаганын билдирди.

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.

29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кеткенин билдирди.

Кыргызстандын чек ара мекемеси тажик тараптын бул билдирүүсүн толугу бойдон четке кагып, алар чек арадагы чыныгы абал тууралуу маалыматты бурмалап, абалды курчутуп жатканын айтты. (MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG