Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат


Чыр чыккан жер
Чыр чыккан жер

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалып турганын кабарлады.

"Тажик тарап 28-апрелде “Головной” тилкесинде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган. Түшкү саат 12:25тер чамасында Тажикстандын аймагындагы Кожалы (Хожаиаъло) аттуу жерден ок атылган, бул ок мергенчи мылтыгынан чыкканы божомолдонууда.

Окуядан көп өтпөй Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек ара кызматкерлери менен эки тараптуу жолугушуу өттү. Анда кыргыз тарап видео камераларды алып салууну талап кылып бирок тараптар бир пикирге келе алышкан эмес.

Натыйжада “Головной” тилкесине жакын жашаган Кыргызстандын тургундары видео көзөмөл коюлган электр мамыларын араалап, эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты.

Болжол менен 100-150дөй киши бири-бирине таш ыргытып, чыккан чырды чек ара аскерлери басууга аракет кылды", - деп жазылган Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

“Азаттык” радиосунун Баткендеги кабарчысы кыргызстандык үч адам таш тийип, ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Тажик тарап жети жаранына таш тийгенин кабарлады.

Буга чейин "Азаттыктын" тажик кызматы Кожалы ( Хожа Аъло) айылынын тургунуна таянып 15 тажик жаранына таш тийгенин жазды.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, азыркы тапта сүйлөшүүлөр уланууда. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жергиликтүү элдин ортосундагы чыңалууну токтотуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Чек арада туруктуу, чыңалган абал өкүм сүрүүдө", - деп билдирди аталган кызмат.

17-апрелде да ушул эле Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясынан суу бөлүштүргөн “Головной” деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын айынан талаш чыккан. Анда суу бөлүштүрүүчү жайда ремонт иштерин жүргүзүү аракетине тажик тараптан 30дай адам тоскоолдук жаратып, иш токтогон.

Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов быйыл 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып айткан. Ал Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Головной” эмес, “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.

"Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы 60-жылдары Кыргыз ССРинин суранычы менен курулган.

Кыргызстан менен Тажикстан 970 чакырымдай чектешет, анын 519 чакырымы эки тараптуу такталган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына иш сапары менен келгенде кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталганын, андан бери 100 жолу сүйлөшүү өткөнүн билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чек аранын 50 пайызга жакыны тууралуу тараптар мунасага келишкенин айткан. Ошондой эле ал Дүйшөмбү 2016-жылы кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча ички жол-жоболорду бүтүргөнүн, Кыргызстан бул ишти аягына чыгара электигин кошумчалаган. Кыргыз тарап бул билдирүүгө жооп берген эмес. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG