Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Кыргызстанда согуш ардагерлери бир жылда дээрлик жарымына азайды


Бишкек. Жеңиш майрамы. 2017-жыл.
Бишкек. Жеңиш майрамы. 2017-жыл.

Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери соңку бир жылда дээрлик жарымына азайды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 27-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиргендей, быйыл 1-апрелде өлкөдө бул согуштун 146 ардагери бар экени белгилүү болгон. Былтыр ушул маалда алардын саны 241 болчу.

146 ардагердин 33ү согуштун майыбы, 85и катышуучусу, 13ү бала кезинде концлагердин туткуну болгондор жана 15и Ленинград блокадасында калгандар. Мындан тышкары оруктун эмгекчилеринен 1304 адам, эмгек армиячыларынан экөө, согушта курман болгон жоокерлердин беш үй-бүлөсү калды.

1941-1945-жылкы согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG