Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталуучуларга сот өкүмү чыкты


Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталгандар сот залында
Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталгандар сот залында

Казакстандын Тараз шаардык соту Кордайдагы былтыркы улут аралык жаңжал боюнча сот өкүмүн чыгарды. 27-апрелдеги өкүмгө ылайык, айыпталган 51 адамдын 19у беш жылдан 20 жылга чейин абакка кесилди. 31 адам «күнөөнү моюнуна алганы жана зыянды төлөп бергени үчүн» бир нече жылга шарттуу жазага тартылды. Аларга «Массалык башамаландык», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча айып тагылган. Бир адам толук акталды.

Буга чейин Казакстандагы дунгандар ассоциациясынын өкүлдөрү прокуратуранын бир катар адамдарды узак мөөнөткө кесүү боюнча сунушуна нааразылык билдирген. Ал эми абактагы кармалып турган кээ бир айыпталуучулар кыйноого кабылганын айтып чыккан эле.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда былтыр 7-февралда улут аралык чыр чыккан. Чатакта он киши каза болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган. Ондогон турак жайлар жана машинелер өрттөлгөн. Миңдеген дунгандар чектеш Кыргызстанга кире качышкан. Мындан соң кырсыктын себебин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Буга чейин бул иш боюнча айыпталган жети адамга сот өкүмү чыккан. Алар кандуу кагылышууга катышканы үчүн үч жылдан төрт жылга чейин кесилген. Былтыр жыл аягында камалган жети кишинин төртөөнүн жазасы шарттууга алмаштырылып, абактан чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG