Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Аэропорт иши боюнча шектүүнүн апасы президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Манас" аэропортунда жүк ташуу менен алектенген түркиялык “Gata Airlines” компаниясынын жетекчиси Ксения Барабаштын апасы президентке кат менен кайрылып, кызын үй камагына чыгарууну өтүндү.

Валентина Барабаш мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жазган катында “Сиз өзүңүз бийликтин адилетсиз мамилесинин курмандыгы болгонсуз. Мамлекеттик машина кимди болсо да ылгабастан тебелеп кетерин башкаларга караганда эң жакшы билесиз” деп белгиледи.

Ал кызынын ден соолугу начар экенин, ага карата “мыйзамсыз басым болуп жатканын”, үйдө эки кичине баласы калганын айтып, тергөөнү камакка албай улантууну өтүндү.

Ксения Барабаш 20-апрелде милицияга суракка чакырылып, андан ары шектүү катары кармалган. 22-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту аны бир айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Ички иштер министрлиги Барабаш Жазык кодексинин “Коррупцияга катышуу” деген беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Буга чейин бул фирмага артыкчылык берилген деген айып менен аэропорттун мурдагы башчыларына кылмыш иши козголгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG