Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Байтерек: Президент уу коргошун тууралуу түшүндүрмө бербейт


Уу коргошундун тундурмасы
Уу коргошундун тундурмасы

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчысы уу коргошун тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен маектешпей турганын кабарлап, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин айткандарын төгүндөдү.

“Президенттин күн тартибинде уу коргошунга байланышкан жолугушуу же интервью каралган эмес”.

Европа эмдөө апталыгына арналган жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-апрелде түштөн кийин президент Садыр Жапаров аконит тундурмасы тууралуу интервью берерин айткан. Министр Кыргызстан уу коргошунду коронавируска дары катары колдонуудан баш тартпай турганын билдирген.

15-апрелде президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын" жарыялаган. Эртеси саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 400 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн айткан.

20-апрелде Бишкекте уу коргошунга ууланган төрт адам ооруканага түшкөн. Министр Бейшеналиев уулангандар алар сунуштаган уу коргошунду эмес, өз алдынча ичкендер экенин билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уу коргошун коронавирусту дарылоодо натыйжалуу эмес экенин айтууда.

Президент Жапаровдун уу коргошун тууралуу социалдык түйүндөргө жазганы кийин өчүрүлгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG