Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Бали: суу алдында жүрүүчү кеменин калдыктары табылды


Индонезиянын президенти Жоко Видодо.
Индонезиянын президенти Жоко Видодо.

Ушул апта башында Бали деңизинде аскердик машыгууларга даярдык көрүп жатканда дайынсыз жоголгон суу алдында жүрүүчү кеме чөгүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу Индонезиянын президенти Жоко Видодо билдирди.

"Биз, индонезиялыктар, суу алдында жүрүүчү кеменин баардык мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",-деди Видодо 25-апрелде.

KRI Nanggala-402 кемесинде 53 адам бар болчу. 21-апрелде кеме экипажы байланышка чыкпай калган. Куткаруу иштерине жыйырмадан ашуун кеме жана кайык тартылган.

24-апрелде индонезиялык аскерлер 1983-жылы Германияда чыгарылган суу алдында жүрүүчү аппаратка таандык делген калдыктарды табышкан.

Аскерлер кийинчерек суу алдында жүрүүчү кеме 850 метр тереңдикте жатканын аныкташкан.

Суу алдында жүрүүчү кеме 2012-жылы Түштүк Кореяда оңдолуп-түзөтүлгөн. Буга чейин Чыгыш Тимордогу аскердик аракеттерге катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG