Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Иракта ооруканадагы өрт 80ден көп адамдын өмүрүн алды


Багдаддагы өрт тутанган оорукана.
Багдаддагы өрт тутанган оорукана.

Ирактын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Багдаддагы COVID-19га чалдыккандарды дарылаган оорукананы каптаган өрт 82 адамдын өмүрүн алды. 110дон көп киши жарадар болду.

25-апрелдин таңында Ибн аль-Хатиба ооруканасында тилсиз жоонун тутанышына кычкылтек баллондун жарылышы себеп болгон.

Министрликтин маалымат катчысы Саад Маан INA маалымат агенттигинин айтымында, кырсыктын себептерин иликтөө иштери уланууда.

Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү Али аль-Баяти "Твиттерге" жазгандай, каза болгондордун отузга чукулу жасалма дем алдыруучу апараттына кошулган болчу.

Өкмөт башчы Мустафа аль-Кадхем "баардыгы шаалакылыктын айынан шейит кетишти. Биз эч нерсе кылбасак, эртең башкалар өлөт", деп билдирди.

Ирак өкмөтү кырсыктан улам үч күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG